Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Баш прокуратура: Келдибеков үй камагына чыгарылбайт


Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун жактоочуларынын 5 өкүлү Баш прокурор Аида Салянованын кабыл алуусунда болуп, өз талаптарын билдирип чыкты. Алардын айтымында, Салянова Келдибековдун азыркы баш коргоо чарасы өзгөртүлбөсүн, ал үй камагына чыгарылбасын билдирди.

Ал эми тарапкерлер Баш прокуратурага дагы 10 күн мөөнөт берерин белгилеп, тарап кетти. Белгиленген убакыттын ичинде эч кандай чара көрүлбөсө, акциялар уланарын “Келдибековду коргоо комитетинин” өкүлдөрү айтты.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибеков казынага кол салган деген айып менен УКМКнын тергөө абагына былтыр күзүндө камалган. Ал өзү күнөөсү жок экенин айтууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG