Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

АКШ Конгресси Орусияны айыптоодо


Орусия өзүнүн аскерлерин Украинадан алып чыгып кетиши керек. Мындай талап жазылган резолюцияларын АКШ Конгрессинин эки палатасы тең кабыл алды. Сенаттын резолюциясында Украинадан орус куралдуу күчтөрүн чыгарып, аны толугу бойдон Киевдин башкаруусуна өткөрүү үчүн "багытталган" экономикалык санкцияларды киргизүү чакырыгы орун алган. Ошондой эле америкалык сенаторлор Эл аралык футбол федерациясын 2018-жылкы чемпионатты Орусияда өткөрүү чечимин кайра карап чыгууга үндөдү. Ал эми Өкүлдөр палатасы Крымга жана Украинанын башка аймактарына эл аралык байкоочуларды жиберүү керектигин айтып чыкты. Бул резолюциялар Украинанын жаңы бийлигине колдоо көрсөтүүнүн символикалуу белгиси болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG