Кыргызстандагы оппозициялык кыймылдардын биринин 17-мартка белгиленген курултайы 31-мартта өтмөй болду. Бул тууралуу кыймылдын лидери Садыр Жапаров “Азаттыка” билдирди. Себебин экс-депутат мындай деп түшүндүрдү:
- Курултай күнгө бийлик тараптан атайын провокациялык топ түзүлүп жатканы бизге белгилүү болду. Мындан сырткары үчүнчү күчтөр да пайдаланып кетпеши үчүн бир аз убакытка жылдырып, мекенчил жигиттерден турган элдин кошуун түзүп, курултайды ызы-чууга айландырбастан, провокацияга алдырбастан жогорку деңгээлде өткөрүп алуу максатын көздөйбүз.
17-мартта курултай өтөөрү мындан бир ай мурун белгилүү болгон жана ага оппозициялык көз караштагы саясатчылар жана кыймылдар катышары уюштуруучулар тарабынан айтылган.