Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

БУУ: Парламентарий айымдардын саны өсүүдө


Дүйнө жүзүндө парламентарий айымдардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы жарыяланган баяндамасында айтылат. Былтыр бул көрсөткүч 1,5% өсүп, жалпы көрсөткүч дээрлик 22% жетти.

19 жыл мурдагыга караганда бул эки эсе көп, бирок жылыш анча байкаларлык эмес деп эсептешет БУУнун аналитиктери. Саясаттагы аялдар укугу боюнча директор орун басары Жон Хендранын айтымында, "дүйнөдөгү парламенттерде гендердик паритетке жетишүү үчүн дагы ондогон жылдар талап кылынат".

Кыргызстандын улуттук парламентинде 120 депутаттын 29у айымдар. (RK)

XS
SM
MD
LG