Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Кабулда швед журналистин талибдер атканы белгилүү болду


Шейшембиде Кабул шаарында башына ок тийип мерт кеткен швециялык журналистти талибдер өлтүргөнү маалым болду. “Федай-е-Махаз” тобу шаршембиде интернет аркылуу билдирүү жасап, швед журналисти Нильс Хорнерди "Ооганстанга журналист эмес, тыңчы болуп келген",- деп айтыптады.

Журналистти 11-мартта Кабулдун байлары жашаган аймагында ресторандын жанында атып кетишкен. Окуя болгон күнү "Талибан" кыймылы анын өлүмүнө тиешеси жок экендигин билдирген.

Борбор Азия аймагы боюнча кабарчы болуп иштеген Хорнер Ооганстанга 9-мартта келген болчу.

XS
SM
MD
LG