Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:00

Вашингтон Украинанын бүтүндүгүн сактап калууга аракет кылат


Арсений Яценюк: Украина эч качан Кремлге багынып бербейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:47 0:00

АКШдагы Ак Үйдө президент Б.Обама менен жолуккан соң, украин премьери А.Яценюк Кремль менен сүйлөшүүгө Киев даяр экендигин, бирок эгемен Украина эч качан багынбастыгын айтты. 12.3.2014.

Шаршембиде АКШ президенти Барак Обама менен Украина премьер-министри Арсений Яценюк Ак үйдө жолукту. Обама Вашингтон Украина аймагынын бүтүндүгүн сактап калууда жардамын аябай турганын айтты.

АКШ мамлекет башчысы Крымга аскерий кийлигишүүсү менен Орусия эл аралык укуктук ченемдерди бузгандыгын белгиледи:

- Эгер Орусия Крымга аскерий кийлигишүүсүн токтотпосо жана бул аймакты өзүнө кошуп алуу аракетин уланта берсе, Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрү Москвадан бул үчүн жооп берүүнү талап кылат.

Барак Обама эл аралык коомчулуктун нааразылыгына карабай Крымда 16-мартка белгиленген референдум өтө турган болсо, анын жыйынтыгын АКШ тааныбай турганын да билдирди.

Өз кезегинде Арсений Яценюк Орусия Украинанын бүтүндүгүнө шек келтирип, чоң катага жол берип жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG