Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Кыргыз жана тажик ГЭСтерине каршы ыр интернетке чыкты


Өзбек эл артисти Шерали Жураев Кыргызстандын “Камбар-Ата” жана Тажикстандын “Рогун” ГЭСтерине каршы ырдады. “Дарыялар” деп аталган чыгарма бир ай мурда жазылып, аудиосу интернетке ушул жумада чыкты.

Ырдын сөзүн өзбек Эл акыны Икбол Мирзо жазган. Анда Борбор Азияны аралап аккан дарыяларга кай бир мамлекет дамба куруп алууга акысы жок экени белгиленген. Чыгарма мамлекеттик телерадиодон обого чыга элек. Азырынча аны коммерциялык интернет-порталдардан гана угууга болот.

Ташкент “Камбар-Ата” жана “Рогун” ГЭСтеринин курулушуна каршы экенин айтып келет. Ошондуктан жергиликтүү серепчилер ыр саясый буйрутма менен жаралганын болжоп жатышат.

Шерали Жураев 2010-жылдагы Июнь окуясынан соң кыргыз жана өзбек элин ынтымакка чакырган “Ойлон, бала” аттуу ыр да жараткан болчу. Бирок анын чыгармалары 20 жылдан бери мамлекеттик телерадиолорунда уктурулбайт.

Кыргызстан аталган ГЭСти куруу мамлекеттин өз эрки деген позицияны карманып келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG