Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:40

2010-жылы ок жеген тогуз жаштагы кыз жардамга муктаж


2010-жылдын 19-майында Жалал-Абаддын Сузак районундагы милиция бөлүмүндөгү атышуу учурунда кокустан ок тийип жарадар болгон Кубро Махамадкадырова дагы эле баса албай жүрөт. Короодо ойноп жүргөн Кубронун көкүрөгүнө ок тийип, артынан тешип чыгып кеткен эле. Ошондон бери буту иштебей калган. Дарыгерлер анын нерв системасы жабыркаганын айткан.

Ал кездеги 4 жашар Кубро беш жылдан бери майыптардын арабасында отурат. Аны бутуна тургузуу үчүн Германиядан операция жасатуу зарыл болуп жатканын “Азаттыкка” апасы Малахат билдирди. Бирок азыр Кубронун жакындарында Бишкекке келип дарылануу үчүн да каражат жок.

Октон жабыркаган кызга ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын жардамы менен Бишкектен операция жасалган. Андан соң Москвадан экинчи операциядан өткөн.

Учурда ал биринчи топтогу майып. 3000 сом жөлөкпул алат. (SE)

XS
SM
MD
LG