Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:59

Кара-Сууда паспортсуз келиндердин көйгөйү талкууланат


Оштогу Кара-Суу районунун Савай айылында бүгүн чет өлкөдөн келин болуп келип, паспорт ала албай жүргөн айымдардын көйгөйлөрү талкууланат. Бул тууралуу аны уюштуруп жаткан “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” уюмунан кабарлашты.

Талкууга атуулдукка ээ боло албай жүргөн келиндер, алардын жакындары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана юристтер катышмакчы.

Кыргызстандын түштүгүндө жарандыгы жок жүргөн айымдардын басымдуу бөлүгүн Өзбекстандан келген келиндер түзөт. Бир гана Араван районунда алардын саны 400дөн ашат. (SE)

XS
SM
MD
LG