Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Москвадагы “Кыргызстан” соода үйүнүн талашы уланууда


Москвадагы Бүткүл орусиялык көргөзмө борборунда жайгашкан “Кыргызстан” соода үйү менен Кыргызстандын Экономика министрлиги ортосунда келишим эки жылдан бери кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгынан улам узартылбай турат.

Мындай билдирүү бүгүн соода үйүнүн айланасындагы талаш-тартышка арналган атайын маалымат жыйынында айтылды. Ага “Кыргызстан соода үйү" компаниясынын генералдык директору Обозкан Сардарбеков, Орусиядагы кыргыз ишкерлери жана Кыргызстандагы ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү катышты.
Алардын айтымында, 2008-жылдан бери соода үйү Кыргызстандын Экономика министрлиги менен атайын 5 жылдык келишимдин негизинде иштеп келген. Өткөн жылы келишим мөөнөтү аяктап, андан бери узартылбай келет.

Ал эми Экономика министрлиги болсо бул дооматтарды четке кагып, “келишим мөөнөтүн узартуу же узартпоо бул министрликтин өз эрки" экенин жана жакын арада сынак жарыяланып, “Кыргызстан” соода борборун мамлекеттик ишканага берилерин айтты. Ошондой эле министрлик анын иштөө принциби жана форматы да өзгөртүлөөрүн белгилөөдө.(ZB)

XS
SM
MD
LG