Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Сочи: Паралимпиада күндөлүгү


13-мартта Сочи шаарында паралимпиада оюндарынын башталганына 7 күн болду. Андан бери мелдештер кызуу уланып жатат. 45 өлкөнүн алты жүздөй майып спортчусу мөрөй талашууда.

Ооруну жеңип, каармандык көрсөткөндөр

13-мартта Сочи шаарында паралимпиада оюндарынын башталганына 7 күн болду. Андан бери мелдеш кызуу улантылып жатат. 45 өлкөнүн алты жүздөй майып спортчусу мөрөй талашууда. Орусиялыктар өз жеринде биринчи болууга бардык күч-аракетин жумшоодо. 13-мартта тоо лыжа, араба керлинги жана следж-хоккей мелдештери өтүүдө. “Красная поляна” капчыгайындагы “Роза хутор” лыжа базасында көзү начар көргөн жана отуруп лыжа тепкен эр-азаматтар тоо лыжасынын слалом мелдештерине катышууда. Арабачандардын керлинг мелдештери да курч мүнөздө өтүүдө. Мында 10 команда мөрөй талашууда. Бул күнү орустар менен словакиялыктар, британиялыктар менен америкалыктар, түштүк кореялыктар менен шведдер, кытайлар менен англиялыктар мөрөй талашып жатат. 13-мартта кечке жуук следж-хоккей таймашында жарым финалдык беттешүүлөрдө Норвегия менен Орусия, Канада менен АКШ күч сынашканы турат.

Оюн ээлери-орусиялыктар ат чабым алдыда

Медалдардын саны жана сапаты боюнча оюн ээси - Орусия биринчи орунда келатат. Ал 16 алтын, 18 күмүш жана 13 коло байге, жалпы 47 медал утуп алууга жетишти. Экинчи орундагы Германиянын 5 алтын медалы бар. Учурда дүйнөгө дүрбөлөңү менен таанылган Украинанын майып спортчулары чыныгы каармандык көрсөтүүдө. Алар үчүнчү орунга көтөрүлүп, 3 алтын, 4 күмүш жана 7 коло медал утуп алууга жетишти. Ванкувер паралимпиадасында Украина 5 алтын, 8 күмүш жана 6 коло байгелүү болуп, командалык эсепте бешинчи орунга жеткен. Сочиде болсо Азиядан жапондор гана айырмаланып, алар учурда 2 алтын, 1 күмүш жана 2 коло байгелүү болду. АКШнын майып спортчулары алтын байгеге жете элек. Алар 4 күмүш жана 4 коло медалы менен 13-орунда турат. Мындан 4 жыл мурда Ванувер паралимпиадасында командалык биринчи орунду Германия ээлеп, ал 13 алтын, 5 күмүш, 6 коло байге уткан. Орусиялыктар экинчи орунду камсыз кылган. Ванкуверде орустар 12 алтын, 16 күмүш, 10 коло байгелүү болгон. Оюн ээси - канадалыктар үчүнчү орунду ээлеген.

Паралимпиаданын чыныгы каармандары

Ооруну жеңип, өлкөсүн дүйнөгө тааныткан майып спортчулардын эрдиги, каармандыгы башкаларга үлгү болууда. Сочи паралимпиадасында жылдызы жанып, төрт алтын медал утуп Орусиянын даңкын чыгарган 36 жаштагы Роман Петушковдун ысымын сыймык менен атоого болот. Ал биатлон мелдештеринде 2 алтын, лыжа жарыштарында дагы 2 алтын байге утуп, жеңиш сересине төрт ирет көтөрүлүп, оюндун каарманы аталып жатат. Роман Петушков 2006-жылы эки бутун үшүккө алдырып, өмүрүн сактап калуу үчүн оң бутун жоон санынан, сол бутун тизесинен кестирүүгө аргасыз болгон. Ал ооруга жеңдирбей, лыжага чанадай отуруп тээп, мылтык атып, биатлон менен машыгып, эрки күчтүү экенин далилдей алды. Ал дүйнөнүн беш жолку чемпиону, Орусияга эмгек сиңирген спорт чебери. Ата мекенге сиңирген эмгеги үчүн медал алган.

- Майыптык менин тагдырымды башкача кылып өзгөрттү. Ванкувер паралимпиадасында бир күмүш жана коло байге утуп, акыры чемпион болом деген максатыма Сочиде жеттим. Орусиянын медал эсебин 8-март күнү алтын байге утуу менен ачтым. Бул жеңишим апама жана жубайым Ольгага арнаган майрамдык белегим болду, - деп маалымат каражаттарына Роман Петушов интервью берген эле.

Көзү начар көргөн айымдар арасында орусиялык Михалина Лысова Сочиде 3 алтын, 1 күмүш медал тагынып, үч жолку чемпион аталды. Германиялык Анна Шаффельхубер, француз Мари Боше, австриялык Маркус Зальхер, украин Виталий Лукьяненко, орусиялык Алена Кауфман жана жапон Акира Кано Сочиде ар бири 2ден алтын медал жеңип, паралимпиаданын эки жолку чемпиону аталып, урмат-сыйга бөлөндү.

Кыргызстандык жалгыз ыктыярчы Малик Өмүрзаков

Сочи олимпиадасын уюштуруу, меймандарды тейлөө үчүн 25 миң ыктыярчы иштеп, жардам берди. Алардын катарында жүзгө жакын чет өлкөлүк жаран да бар. Ошол 25 миң волонтердун ичинде жалгыз кыргыз жигити Малик Өмүрзаков менен "Роза Хутор" тоо лыжа борборунан кезиккен элем. Ал азыр да паралимпиада оюндарына ыктыярчы болуп жардам берүүдө. 25 жаштагы Малик волонтер болуу үчүн 1 жыл мурда Уюштуруу комитетине арыз жазганын, бир нече сыноодон өткөнүн, англис, кытай тилдерин билерин, Кытайдан билим алганын, Сочиде жардам берип, тилмеч болгонун «Азаттыкка» айтып берген эле.

- Сочидеги олимпиадалык оюндарга абдан катуу таасирлендим. Эми 2016-жылы Бразилияда өтө турган жайкы олимпиадага ыктярчы болуп, бекер иштеп берет элем,- деди кыргызстандык волонтер Малик Өмүрзаков.

Сочи олимпиадасынын уюштуруу комитетинде улуттук олимпиада комитеттери долбоорунун жетекчисинин орун басары болуп иштеп жүргөн дагы бир Назгүл Кожакматова аттуу жердешибиз бар.

Башка майыптарга үлгү президент Филип Крейвен

Эл аралык паралимпиада комитетинин президенти Филип Крейвен өзү да майып спортчуларга үлгү болуп келет. Ал 64 жашта. Улуу Британиянын Болтон шаарында туулуп өскөн. Кесиби боюнча география мугалими. Манчестер университетин бүткөн. 2001-жылдан бери Эл аралык паралимпиада комитетинин президенттигине төрт ирет удаасы менен шайланды. 2003-жылдан бери Эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү. Улуу Британия олимпиадалык ассоциациясынын аткаруу комитетине да мүчө. 2012-жылкы Лондон олимпиадасынын уюштуруу комитетинин директорлор кеңешинин мүчөсү катары оюндарды өткөрүүгө салым кошкон. Эл аралык олимпиада комитетинин бир нече комиссиясынын мүчөсү да болуп саналат. 1998-жылдан 2002-жылга чейин арабачан майыптардын эл аралык баскетбол федерациясынын президенти болгон. Филип Крейвен майып спортчулар арасында баскетбол жана сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпиону аталган. Дүйнө кубогунун алтын, коло байге ээси. 1971-1974-жылдары Европа чемпиону, 1994-жылы Европа чемпиондор кубогунун жеңүүчүсү болгон. Майыптар спортун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Улуу Британиянын орден-медалдары, Афина, Турин шаарларынын алтын медалдары, Италиянын кавалер ордени менен сыйланган. Бир катар университеттердин ардактуу доктору, профессору болуп саналат. Учурунда Британиянын көмүр корпорациясынын финансы директору, эл аралык майыптар баскетбол федерациясынын башкы директору болуп кызмат өтөгөн. "Ал ооруга чүнчүбөй, башкаларга үлгү болуп, маанайын чөгөрбөй, тамашакөй", - дешет аны жакындан билгендер.

Паралимпиада – достукка данакер

Кышкы паралимпиадалык оюндар 1976-жылдан бери 4 жылда бир ирет үзбөй өткөрүлүп келүүдө. Бул оюндардын демилгечиси британиялык врач Людвиг Гуттман болгон. Бул жолку ачылыш аземинде эл аралык Паралимпиада комитетинин президенти Филип Крейвен менен Орусиянын президенти Владимир Путин оюндар эл достугуна данакер болуп, Орусия менен Украина мамилелеринин оң жагына оошуна көпүрө болсо деген тилектерин билдиришкен эле. Казакстан, Түркия жана Бразилия кышкы паралимпиадага алгач ирет катышууда. Кыргызстандан бир дагы спортчу катыша элек. Сочи паралимпиадалык оюндары 16-мартта жыйынтыкталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG