Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Тамекиде иштеген балдар маселеси талкууланды


Кыргызстанда өткөн жылы 4 миңге жакын өспүрүм тамеки талааларында иштөөдөн бошотулду.

Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Улуттук консультациялык кеңештин жыйынында Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагасы Асылбек Токтогулов билдирди. Анын айтымында, кеп көбү жакыр үй-бүлөдөн болгон 6-18 жаштагы балдар тууралуу жүрүп жатат.

Бүгүнкү жыйында “Тамеки талааларындагы балдардын эмгегине бөгөт коюу” долбоору талкууланууда. Анын башкы максаты - үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жакшыртуу менен катар балдардын тамеки талааларында иштөөсүн токтотуу. Аны ишке ашырууга эл аралык уюмдар көмөктөшүүдө.

Кыргызстандын түштүк аймагындагы облустарында айрым жеке дыйкан чарбалар тамеки айдап, аны терүүгө балдар тартылат. (EzK)

XS
SM
MD
LG