Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Баткендин мектептерине спорт эмереги берилет


Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча агенттиги Баткен облусундагы 8 мектепке спорт эмерегин тапшырат. Ушундай эле эмерек былтыр Чүй, Бишкек жана Жалал-Абадга караштуу 19 мектепке таркатылган болчу. Ушул айда Ош жана Баткен облустарына караштуу дагы 21 мектеп алат.

Жалпысынан 30 миң долларга бааланган спорттук эмерек Тажикстандагы жарандык согуш учурунда Кыргызстанга качып келгендер отурукташкан көп улуттуу айылдардын мектептерине таркатылат.

Бул кайрымдуулук долбоору Эл аралык олимпиада комитети жана Samsung компаниясы тарабынан каржыланган.(JsA)

XS
SM
MD
LG