Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Кыргызстанда азык-түлүк кымбаттоодо


Канттын баасы соңку 15 күндө 9%, ал эми андан башка негизги азык-түлүк деп эсептелген ун, май, эт, күрүчкө баа 1-3% өскөнү байкалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Экономика министрлигинин түндүк аймактык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев билдирди. Баанын өсүшүн ал доллардын наркынын көтөрүлүшү менен түшүндүрүп, калк арасындагы чочулоодон улам соодагерлер бааны көтөрүп жатканын кошумчалады. Министрлик учурда базардагы баалар боюнча мониторинг кылып турууда.

Ал эми "Азаттыктын" кабарчысынын байкоосунда, Бишкек базарларында 1 кг. канттын баасы 45 сомдон 55 сомго, ал эми 1 кап ун 1150 сомдон 1250 сомго көтөрүлгөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG