Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Түркиядагы тополоңдо эки киши мерт болду


Түркияда кечээки тополоң учурунда, расмий маалыматка ылайык, 2 киши каза тапты. Шаршембиде 15 жаштагы Беркин Элван аттуу өспүрүмдүн жаназасы митингдер менен коштолгон. Маркум былтыр жайында антиөкмөтчүл демонстранттар менен полициянын кагылышуусу маалында жаракат алып, ошондон бери эсине келе албай жаткан. Бала нан сатып алганы чыкканда башына жаш агызуучу газдын канистрасы тийген.

“Эмнести Интернешнл” укук коргоо уюму Элвандын өлүмү “полициянын ашыкча күч колдонуусун көптөн бери көз жаздымда калтырып келген Түркия бийлиги үчүн коңгуроо болууга тийиш” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG