Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:13

Баткен: Таш-Тумшуктагы жаңжал жөнгөрүлдү


Бул тууралуу Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары Улан Рысбеков “Азаттыкка” кабарлады. Ага ылайык, бүгүн, 13-мартта Баткен районундагы Таш-Тумшук айылында кыргыз-тажик чек арасындагы тактала элек жол оңдоло баштаган. Мындан улам кыргыз тараптан 100 чакты адам чогулуп, жолду оңдоону токтотууну талап кылган. Андан кийин тажик тараптан 150дөй адам топтолуп келип, ортодо кайым айтышуу болгон. "Эки өлкөнүн күч органдары, чек арачылары жаңжалды токтотту. Азыр кырдаал туруктуу, окуя болгон жерге кошумча күч барды”,- дейт, Рысбеков. (EBM)

XS
SM
MD
LG