Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Украинада ыктыярчылардан турган Улуттук гвардия түзүлөт


Украина парламенти 60 миңдей ыктыярчыдан турган жаңы Улуттук гвардия түптөөнү колдоду. Утурумдук президент Александр Турчинов Жогорку Раданын депутаттарына кайрылып, өлкөнү “сырткы жана ички агрессиядан” коргоо үчүн Улуттук гвардия түзүүнү сунуш кылган.

Жаңы кошуун Ички иштер министрлигине баш иет, кол башчысын президент өзү дайындап, ал парламент тарабынан жактырылууга тийиш.

Депутаттар ошондой эле БУУну Крымдын Орусия тарабынан оккупацияланышын талкуулоого үндөгөн документти бекитти. Украин мыйзамгерлери “Орусия Федерациясы эл аралык мыйзамдардын фундаменталдуу принциптерин бузду” деп билдиришти. Документте ошондой эле өлкөнүн Евробиримдик менен интеграция ниети айтылат.

XS
SM
MD
LG