Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Кытайда парламенттин жылдык кеңешмеси аяктады


Тогуз күнгө созулган жыйындын соңунда Компартиянын экономикалык реформаларды ыкчамдатуу чараларына колдоо көргөзүлдү.

Үч миңдей делегат премьер-министр Ли Кэцяндын экономикалык баяндамасын жактырып, мамлекеттик бюджет үчүн добуш берди.

Ага ылайык, бюджеттин 12,2% аскерий чыгымдар үчүн сарпталат. Өкмөт аскерий чыгымдарды көбөйтүү, куралдуу күчтөрдү модернизациялоону ырааттуу түрдө жүргүзүү зарылдыгын билдирүүдө.

Кытай парламентинин жылдык отурумунда жеке бизнести стимулдаштыруу, инфляцияны көзөмөлдөө, өнүгүүнүн жемишин айыл жерлерине жайылтуу, социалдык туруктуулукка көмөктөшүү, коррупцияга каршы туруу маселелери да талкууланды.

Парламент Кытайда башкаруучу партиянын чечимдерин жактыруучу гана номиналдуу орган катары саналат. (UE)

XS
SM
MD
LG