Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:46

Пан Ги Мун Израилге ракета атууну айыптады


Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Израилдин Газа тилкесинин аткыланышын айыптады. Ал бардык тараптарды сабырдуу болууга, кырдаалдын курчушун, чоң жаңжалдын тутанышын алдын алууга үндөдү. Ал ортодо Палестина лидери Махмуд Аббас Израилден “камоодогу Газа тилкесиндеги аскердик эскалацияны токтотууну” талап кылды. Жөөт армиясынын жетекчилери билдиргенине караганда, палестиналык согушкерлер Израилдин аймагына 60 ракета атышкандан кийин Газадагы 29 объект бомбаланды. Израиль полициясы ракеталардан эч ким жабыркабаганын маалымдады. Ислам жихад тобу ракеталарды атканын моюнга алды. Анын алдында уюмдун 3 мүчөсү Израилдин Газадагы аба соккусунан набыт кеткен.

XS
SM
MD
LG