Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Орусия Тажикстанга чек араны бекемдөөгө көмөктөшөт


Орусия Тажикстанга Ооганстан менен чек арасын бекемдөөгө жардам берет. Бул тууралуу Орус парламентинин Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуудан кийин билдирди. Анын айтымында, НАТО өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып жаткан кезде КМШнын негизги түштүк чеги болуп эсептелген чек араны бекемдеш керек. Андыктан Москва Борбор Азиядагы стратегиялык өнөктөштөрдүн бири болгон Тажикстанга конкреттүү көмөк көргөзөт, - деди Матвиенко.

Тажик президентинин кеңсесинен маалымдашкандай, жолугушууда эки өлкөнүн кызматташтыгы талкууланды. Ошондой эле дүйнөдө жана региондо болуп жаткан окуялар боюнча пикир алмашуу болду.
.

XS
SM
MD
LG