Баткендин Ак-Сай айылындагы абалды күч кызматкерлери көзөмөлдөп жатат. Учурда кыргыз-тажик тараптын өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орунбасары Бакир Жолчиев Ак-Сайга жөнөп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Анарбай Алимбаев билдирди.
Бүгүн кечке жуук Ак-Сайдын ички жолун оңдоп-түзөө үчүн келген техниканы тажик чек арачылары айылга киргизбей коюшкандыгына байланыштуу аксайлыктар Тажикстандын Ворух анклавына өтө турган жолду бууп салышкан. Учурда эки тараптан 200дөй киши чогулуп турат.
Жергиликтүү элдин айтымында, ушул тапта Ош-Исфана жолундагы Жака-Өрүк участкасындагы жолду тажик жарандары тороп турат. (SE\JsA)