Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:16

Ноокенде мугалимдер кошумча акы жоктугуна нааразы


Ноокен районундагы Жоомарт Бөкөмбаев жана Саадат Ногоева атындагы мектептердин мугалимдери айлык акыга кошумча ай сайын берилүүчү 1000 сомдук төлөмдү албай жатканына нааразы. Алар маселени чечип берүүнү өтүнүп Жогорку Кеңешке кайрылды. Бул тууралуу парламенттин бейшемби күнкү жыйынында депутат Гүласал Садырбаева билдирди.

Ноокен райондук Билим берүү башкармалыгынын кесиптик кошуундар уюмунан маалымдашкандай, айыл мугалимдерине берилчү кошумча төлөмгө аталган эки мектеп кирбей калган. Бул алардын райондун борборунда жайгашканы жана үлүш жерлери жок экенине байланыштуу.

Ай сайын берилүүчү 1000 сом акча айылда мугалимдик менен кошо талаада иштеген педагогдорго берилет. (SE)

XS
SM
MD
LG