Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:53

“Талас Агро-2014” көргөзмөсү өтөт


Талас шаарында 15-март күнү “Талас Агро-2014” деп аталган айыл чарба көргөзмөсү өтөт. Аны Жаш ишкерлер ассоциациясынын Талас шаарындагы өкүлчүлүгү жергиликтүү өкмөт өкүлдөрү менен бирге уюштурууда. Бул тууралуу уюмдун аймактагы өкүлү Ырыскелди Рысбеков “Азаттыкка” билдирди.

Атай Огомбаев атындагы балдар музыкалык мектебинде боло турган көргөзмөдө дыйкандарга жаңы үрөн, көчөт жана айыл чарба шаймандары сунушталмакчы.

Рысбековдун айтымында, көргөзмөдө төө бурчактын түрлөрүн өзгөртүүгө багытталган кеп-кеңеш да айтылат. Андан сырткары, аймакта күнөскана менен иштөө ыкмасы жана анын жол-жобосу үйрөтүлмөкчү.

Таластык дыйкандар соңку жылдары каржылык пайдасы көп болгондуктан негизинен төө бурчак өндүрүү менен алек болууда. Үрөнчүлүк чарбалары мунун айынан аймакта буудай өндүрүү кескин кыскарып, жакынкы жылдарда үрөн тартыштыгы жаралышы мүмкүндүгүн айтып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG