Линктер

ишемби, 21-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:19

Таш түшүп жабылган унаа жол кайра ачылды


Чүйдүн Жайыл районунда Бишкек - Ош унаа жолуна түшкөн таш тазаланып, учурда кыймыл кайра калыбына келди. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Кечээ кечинде 123-чакырымга көлөмү болжол менен 50 м³ таш кулап, жолдун жарымы жабылган. Ошондой эле бир жеңил машинага таш тийген, жабыр тарткандар болгон жок. (RK)

XS
SM
MD
LG