Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:52

Cоттук өкүлчүлүк борборуна жетекчи дайындалды


Кыргыз өкмөтүнүн алдында жаңыдан түзүлгөн Cоттук өкүлчүлүк борборунун төрагалыгына Тимур Шамбетов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Соттук өкүлчүлүк борбору 12-февралда түзүлгөн. Ал эл аралык жана жергиликтүү соттордо өкмөттүн таламын коргошу керек.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, учурда эл аралык соттордо Кыргызстанга каршы 9 доо каралууда. Алардын жалпы суммасы 48 миллиард сом.(BkA)

XS
SM
MD
LG