Бул тууралуу анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бейшембиде түшкө жакын №47 абаккананын ооруканасында дарыланып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди күтүүсүздөн УКМКнын тергөө абагына которушкан. Бирок депутат УКМКнын тергөө абагына киргизилбей, кечээ кечке соттолуучуларды ташыган атайын жабык унаанын ичинде кармалып туруп, кайра №47 абакканага жеткирилген. Натыйжада Түлеевдин абалы начарлап, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Ташбалтаев кошумчалагандай, УКМК жана №47 абаккананын жетекчилиги депутатты которуу чечими эмне себептен кабыл алынганын түшүндүргөн эмес.
Ал эми УКМК бул окуя боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.
Бишкектин мурдагы мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы августта “мэр болуп иштеген кезде мамлекеттик бюджетке зыян келтирген” деген айып менен камалган. Былтыр жайында Бишкектин Ленин райондук соту аны 11 жылга кескен. Бирок депутат макул болбой, шаардык сотко арызданган. Учурда Түлеевдин арызы ошол жакта каралууда. (BkA)