Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

Малайзиялык “Боинг 777” Тынч океандан изделиши ыктымал


Малайзиянын 8-мартта жоголгон авиалайнери Тынч океанда да изделиши мүмкүн. Бул жөнүндө Ак Үй билдирди. Ак Үйдүн өкүлү Жей Карнинин айтымында, айрым толук тастыкталбаган жаңы маалыматтар учакты Тынч океандан издөө керек экенин көрсөткөн жана азыр ал үчүн кошумча техника тартуу жагы эл аралык коомчулук менен сүйлөшүлүүдө.

"The Wall Street Journal" гезити америкалык иликтөөчүлөргө шилтеп жазганына караганда, “Боинг 777” учагы абага көтөрүлгөндөн төрт сааттан кийин акыркы жолу байланышка чыккан. Куала- Лумпурдан Бээжинге бараткан авиалайнерде 239 адам болгон. Алардын 150дөн көбү Кытай жарандары. Учактын жоголуш себеби тууралуу түрдүү версиялар каралууда.

XS
SM
MD
LG