Орусия президентинин сайтына 14-мартта белгисиз хакерлер катуу чабуул жасады. Кремлдин өкүлүнүн маалымдашынча, киберчабуул президент Путиндин сайтын бир нече мертебе иштен чыгарган. Ошондой эле Орусиянын борбордук банкына да хакерлер чабуул койду. Бейшемби күнү орус өкмөтү Кремлдин саясатын сындаган төрт сайтты: Grani.ru, Kasparov.ru, “Ежедневный журнал” интернет-басылмасын жана “Живой журнал” сайтындагы таанымал оппозиционер Алексей Навальныйдын бетин жапкан. Өкмөттүк байланыш агенттигинин түшүндүрүшүнчө, сайттарга жарандарды мыйзамсыз аракеттерге түрткөнү жана уруксатсыз митингдерге үндөгөнү үчүн тыюу салынган. Навальныйдын сайтын жабууга оппозиционердин үй камагынын шартын бузганы да кошумча негиз болгону маалымдалды.