Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Пакистанда жанкечтинин чабуулунан жети полициячы мерт кетти


Пакистандын четки түндүк-батышында жанкечти жардырган бомбадан кеминде жети полициячы өлдү. 14-марттагы бомба чабуулу Пешавардын четиндеги Сарбанд деген кыштакта болду. Жанкечти полициячылар түшкөн машинеге чукул келип, өзүн жардырып жибергенин полициянын мартабалуу өкүлү Нажиб-ур-Рахман билдирди. Жанкечтинин чабуулу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө албады.

1-мартта Пакистан талибдери өкмөт менен болчу тынчтык сүйлөшүүсү алдындагы жакшы ыкласын билдирип, бир айга ок атууларды токтотконун жарыя кылган болчу.

XS
SM
MD
LG