Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Венада украиналык олигарх Дмитрий Фирташ камакка алынды


Австрия полициясынын маалымдашынча, 48 жаштагы ишкер АКШ бийликтеринин өтүнчү менен 13-мартта кечинде кармалган. Бизнесмен коррупцияга аралашкан жана кылмыштуу топ түзгөн деп шектелүүдө. АКШнын Федералдык чалгындоо бюросу Фирташты 2006-жылдан бери көзөмөлдөп жүргөн. Украин маалымат булактарынын ырасташынча, Дмитрий Фирташтын байлыгы 3,3 миллиард долларды түзөт жана Украинадагы төртүнчү эң бай адам саналат. Ал байлыгын газ, химия, медиа жана банк секторунда иштеп топтогон жана Украинанын бийликтен куулган президенти Виктор Януковичтин маанилүү колдоочусу эле. Фирташ жарнакташып ээлик кылган RosUkrEnergo компаниясы Орусия - Украина арасындагы газ келишимин түзүүгө арачылык кылган.

XS
SM
MD
LG