Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:43

Консерваторияда классикалык концерт өтөт


Бүгүн Улуттук консерваториянын чоң залында Европа элдеринин эски романстары менен арияларынан түзүлгөн классикалык чыгармалардын концерти болот. “Сопрано дүйнөсү” деп аталган бул концерттин репертуарын 17-20-кылымдардагы дүйнөлүк композиторлордун чыгармалары түзөт.

Концерттин башкы солисти эл аралык “Романсиада” сынагынын жеңүүчүсү Заира Раимбекова, роялда ушундай эле сынактын жеңүүчүсү Айбарчын Добулбекова. Ал эми германиялык Тобиас Шют консерваториянын аспаптык ансамблине дирижерлук кылат. (ATe)

XS
SM
MD
LG