Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Бишкекте психиатриялык ооруканадан качкан бейтап изделүүдө


Бишкектеги Республикалык психоневрологиялык диспансерден качып кеткен 28 жаштагы Сергей Образцов изделүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан кабарлашты. Аталган бейтап 12-март күнү кечинде оорукананын терезесин сындырып качып кеткен. Бирок диспансердин жетекчилиги бул тууралуу милицияга бир күн өткөндөн кийин гана кабар берген. Милиция шизофрения дартынан жабыркаган Образцовдун шаардыктардын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн экенин билдирүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG