Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Мустафа Жемилев НАТО жетекчилери менен жолугат


Крым татарларынын карыя-лидери Мустафа Жемилев 14-мартта Брюсселде НАТОнун башкатчысынын орун басары Александр Вершбоу менен кездешет. НАТОнун маалымдашынча, алар кездешүүдөн кийин журналисттер менен жолуга алышпайт. 71 жаштагы Жемилев Украина парламентинин депутаты жана Крым татарларынын жыйыны - Межилистин мурдагы төрагасы. Ал жума башында Москвада Кремлдин чакыруусу менен болуп, Татарстандын мурдагы президенти Минтемир Шаймиев менен жолугушкан. Ошондой эле 12-мартта Сочиде жүргөн президент Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Жемилевдин билдиришинче, ал Путинге Крымдын макамы боюнча 16-мартта өтчү референдумду мыйзамсыз деп, добуш берүүгө Крым татарлары катышпасын айткан.

XS
SM
MD
LG