Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:30

Кэмерон Назарбаев менен Украинадагы жагдайды талкуулады


Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон Украиндагы кризис жөнүндө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен пикир алмашты. Сүйлөшүү Лондондун демилгеси менен өттү. Расмий Астананын маалымдашынча, Кэмерон жана Назарбаев кризис “тынчтык жолу менен, Украинада бардык эл аралык нормалар калыбына келтирүү аркылуу чечилиши керек” деген орток пикирге келген. Апта башында Назарбаев телефондон АКШ президенти Барак Обама жана Германия канцлери Ангела Меркел менен сүйлөшкөн. Ак үйдүн маалымдашынча, Обама жана Назарбаев Украинанын бүтүндүгүн колдоп, абалдан дипломаттык жол менен чыгуу маанилүү экенин тастыкташкан. Назарбаев апта башында Путин менен сүйлөшкөндө Украинадагы улуттук азчылыктарды коргоодо Москванын позициясын колдоорун билдирген.

XS
SM
MD
LG