Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

Коопсуздук кеңеш Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдошу мүмкүн


БУУнун Коопсуздук кеңеши Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдогон резолюция үчүн бүгүн добуш бериши күтүлүүдө. АКШ демилге көтөрүп көрсөткөн бул резолюцияда эртең Крымда өтө турган референдум “легитимдүү деп таанылбайт” деп айтылган. Референдумдан кийин Крым Украинадан бөлүнүп, Орусияга кошулушу мүмкүн.

Резолюцияны бирок Коопсуздук кеңешинде вето укугуна ээ Орусия өткөрбөй коюшу ажеп эмес экенин документтин авторлору түшүнөт. Бирок АКШнын элчиси Саманта Пауэр айткандай, бул аракеттин өзү “маселени тынч жол менен чечкиси келбеген Орусия азыр канчалык изоляцияда калганын көрсөтмөкчү”. Документтин сүрөөнчүлөрү аны кеңештин 15 мүчөсүнүн 13чү колдоп беришет деген үмүттө. Орусиянын жакын өнөктөшү Кытай “калыс” калса жетиштүү деген ой айтылды.

Кечээ Лондондо АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен алты саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин да референдумдан баш тартууга Орусияны көндүрө албай койгон.

XS
SM
MD
LG