Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Кыргыз ТИМи Евробиримдикти көмөктөшүүгө чакырды


Максим Бакиев (алдыда) британдык Вестминстер сотунун кеңсесине кирип бара жатат. Лондон, Улуу Британия. 07.12.2012.
Максим Бакиев (алдыда) британдык Вестминстер сотунун кеңсесине кирип бара жатат. Лондон, Улуу Британия. 07.12.2012.
ТИМ Евробиримдиктен Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды кайтарууда көмөктөшүүгө чакырды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Бейшембиде министр Эрлан Абдылдаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү, элчи Чезаре де Монтис менен жолугушуп, Украинадагы кырдаалды талкуулашты.

Анда министр Абдылдаев Евробиримдиктин чечмине ылайык бир катар украин аткаминерлеринин каржылык эсептери тоңдурулганын расмий Бишкек кубаттаарын билдирди.

Ошол эле учурда Кыргызстандын ТИМи мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кылмыштуу режимине тийешеси бар делген адамдардын Европа өлкөлөрүндө ээн-эркин башпаана таап жүргөнүнө жана алардын мыйзамсыз жол менен чыгарылган каражаттарын камоодо Кыргызстан Евробиримдиктен өз мезгилинде колдоо таппай калганына өкүнгөнүн да ачыктады. (SA)

XS
SM
MD
LG