Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков кечээ кечинде чыгыштагы Харьков шаарында жаатташкан тараптардын кагылышында эки киши көз жумганын тастыктады.
Аваков бүгүн Фейсбуктагы баракчасында жазганына караганда, түнү бою “эки тараптан” 30дай киши камалган. Алардын ысымдары аталган жок. Министр соңку окуяларда полициянын кызматкерлери да катуу жабыркаганын, айрым адамдардан куралдар алынганын айтты. Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат.
Харьковдогу окуядан бир күн мурун чыгыштагы Донецк шаарында да украиначыл бир демонстрант көз жумуп, бир нече киши жарадар болгон.