Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Малайзияда жоголгон учактын байланышы "атайылап өчүрүлгөн"


Нажиб Разак
Нажиб Разак
Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак өткөн аптада жоголгон учактын байланыш системасы “атайылап өчүрүлгөн” деп билдирди. “Малайзия аба жолдоруна” таандык Боинг-777 өткөн аптанын жума күнү байланышка чыкпай калгандан кийин да жети сааттай асманда болгон. Бул тууралуу Малайзиянын премьер-министри Разак бүгүн сүйлөп жатып, спутниктен алынган маалымат ушуну көрсөткөнүн билдирди. Муну менен өкмөт башчы учактын байланыш системасын кимдир бирөө атайылап өчүргөн деген божомолун айтты.

Ошол эле маалда Нажиб азыр “учакка бирөө кол салган” деген версия кеңири тараганы менен, чынында эмне болгонун айтыш кыйын деди. Анын айтымында, азыр бийликтер самолет каякка учуп кеткен болушу мүмкүн деген маршрутту караштырып жатышат. Сөз эки багыт жөнүндө жүрүп жатканын кошумчалады:

"Бизге түшкөн маалыматка негиздеп, Малайзиянын авиация бийликтери жана эл аралык өнөктөштөрүбүз учактын маршруту эки аба багыты аркылуу болсо керек деген версияны карап жатышат: алардын бири Казакстан менен Түркмөнстандан Таиланддын түндүгүнө чейинки жер, экинчиси – Индонезиянын түштүгүнөн Индия океанынын түштүгүнө чейинки аймак", - деди Разак.

Ушуга байланыштуу малайзиялык аскерлер менен куткаруу кызматтары Түштүк-Кытай деңизинин аймагында издөө иштерин токтотуп, азыр издөө зонасын кеңейтүү үчүн башка мамлекеттердин бийликтери менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатышат.

Малайзиянын премьер-министринин билдирүүсүнөн кийин Твиттерде сөз кытай-кыргыз чек арасы жөнүндө да болуп жатканы тууралуу кабарлар түшкөн. Бирок бүгүн “Азаттыкка” Кыргызстандын вице-премьер-министри Токон Мамытов да, Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков да Малайзия бийликтеринен эч кандай сураныч түшө электигин билдиришти. Мамытов учурда кыргыз-кытай чек арасында абал толук көзөмөлдө экенин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG