Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:53

Чек арадагы кыргыз-тажик чыры боюнча сүйлөшүү болот


Чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугат.

Мындай маалыматты өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, Тажикстандын Ворух анклавы менен Кыргызстандын Ак-Сай айылынын жолдорунун жабылышы, тирешкен элди таркатуу маселесин сүйлөшүү үчүн Баткен облус жетекчисинин орун басары Сеит Абдрахманов жана Баткен районунун акими Сеитмурат Калыков окуя болгон аймакка чыгып кетишти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тажикстандык кесиптештери менен чек арадагы абалды жөнгө салуу үчүн жолугушуусу күтүлүүдө.

Бүгүн түштөн кийин Баткендин Ак-Сай айылынын бир тургунун Тажикстандын Кожалы айылынын тургундары сабап койгон. Ак-Сай айылынын тургундары Тажикстандын жарандары чек арадан бери өтүп, кыргыз жаранына кол салуусуна нааразы болуп Ворух анклавына кетчү жолду бууп коюшкан. Ал арада тажик тарап да Кожалы айылынан Ак-Сайдын жолун тороп турушат. (JsA)

XS
SM
MD
LG