Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Украин парламенти Крымдын Жогорку кеңешин таркатты


Украин парламентинде бул чечимди депутаттардын көпчүлүгү 278 добуш менен колдоду, бирөө калыс калды. Добуш берүүгө 17 депутат катышкан жок. Чечимди Жогорку Рада бүгүн утурумдук президент жана парламент спикери Александр Турчиновдун жетекчилигинде өткөн атайын жыйында кабыл алды. Депутаттардын бири Крым парламентин таркатуунун зарылчылыгын азыр өлкөнүн чыгышындагы орус тилдүү шаарлардагы сепаратисттик кыймылдарды токтотуу мүдөөсү менен түшүндүрдү.

Киевдеги депутаттар Крымдын парламентин Украинанын курамынан чыгып, Орусияга кошулуу маселеси боюнча референдум өткөрүү чечимин кабыл алганы үчүн айыпташууда. Украин өкмөтү алдыдагы референдумду “мыйзамсыз” деп жарыялаган. Бирок орус бийликтери элдин каалоосун “урматтай” турганын билдирип жатышат.

Ошол эле маалда Турчинов Украинанын чыгыш шаарларында соңку эки күнү болгон башаламандыктар үчүн Москваны айыптады.

XS
SM
MD
LG