Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Алматыда кыргызстандык кош бойлуу аял героин менен кармалды


Бул тууралуу Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалымат борбору кабарлады. Анда өзүн кыргызстандыкмын деп атаган, төрөт мезгили жакындап калган кош бойлуу аял кармалганы, тинтүү учурунда анын жанынан 5 килограммдан ашуун ооган героини табылганы айтылат. Кармоо учурунда аялдын жанынан өзүн күбөлөндүргөн бир да документ табылган эмес.

Учурда ал аял Алматы шаарынын ички иштер департаментинин убактылуу кармоочу жайында. Эгер күнөөсү аныкталса ал Казакстандын мыйзамы боюнча 10 жылдан 15 жылга чейин кесилиши мүмкүн. (SA)

XS
SM
MD
LG