Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:33

Турчинов крымдыктарды референдумду бойкоттого чакырды


Бул тууралуу Жогорку Раданын сайтында жазылган. Анда Кремлде алдын-ала чечилген референдум жыйынтыктарын жокко чыгаруу чакырыгы айтылат. Кечээ Украин парламенти Крымдын парламентин таркатуу чечимин кабыл алган. Чечимди Жогорку Рада утурумдук президент жана парламент спикери Александр Турчиновдун жетекчилигинде өткөн атайын жыйында кабыл алды.

Крымдын парламенти Киевдин сөзүн укпай убактылуу жобого негиздеп бүгүн референдум өткөрүп жатат. Анда Орусияга кошулуу жана Украинанын курамында калуу деген эки маселе коюлган.

Бул референдумду Украина жана бир катар батыш өлкөлөрү тааныбасын ачыкташкан. Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүп жаткан Крымды азыр орус аскерлери ээлеп турат. (SA)

XS
SM
MD
LG