Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:52

Малайзия полициясы жоголгон учактын пилотторунун үйлөрүн тинтүүгө алды


239 жүргүнчүсү бар Боинг-777 учагы 7-мартта асманга көтөрүлгөндөн кийин жоголуп кеткен. Ошондон берки издөө иштери эч кандай жыйынтык бере элек. Полиция учактын эки пилотунун тең үйлөрүн тинтүүгө алганын бүгүн кабарлады.

Кечээ болсо Малайзиянын премьер-министри Нажиб Разак спутниктен алынган маалыматка таянып, учактын байланыш системасы толук өчүрүлгөндөн кийин ал дагы жети саат асманда болгонун кабарлаган. Муну менен премьер “учактын байланыш системасын кимдир бирөө атайлап өчүргөн” деген божомолун билдирген болчу. Азыр бийликтер аны издөө зонасын дагы кеңейтип, Тайланддан Казакстанга, Индонезиядан Индия океанын бойлой кеткен эки башка аба коридорун карап жатышат.

XS
SM
MD
LG