Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:13

Крымда Орусияга кошулуу боюнча талаштуу референдум өтүп жатат


Севастополь, 16-март, 2014.
Севастополь, 16-март, 2014.
Бүгүн Украинанын Крым автономиялуу республикасынын калкы “Орусияга кошулуу же Украинанын курамында калуу” маселеси боюнча референдумда добуш берүүдө. Жекшембидеги референдум калкынын 60 пайызын орустар түзгөн региондо “өттү” деп табылат го деп жатышат. Байкоочулар добуш берүүгө эл активдүү катышып жатканын айтышты.

Крымда Орусияга кошулуу боюнча референдум өткөрүүнү АКШ менен Евробиримдик айыптап, эгер Орусия Крымды көзөмөлдөш үчүн кошумча аракеттерге барса, мунун сөзсүз экономикалык жана саясий кесепети болоорун эскертишкен. Дипломаттар айрым орус чиновниктерине кошумча санкциялар дүйшөмбүдө жарыяланышы мүмкүн экенин билдиришти.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен сүйлөшүп, Москва азыр референдумду “эл аралык стандарттарга ылайык өтүп жатат деп билээрин” айтты.

XS
SM
MD
LG