Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:21

Сербияда парламенттик шайлоо болуп өттү


Анда эки жылдан бери бийликте отурган оңчул багыттагы Сербия прогрессивдүү партиясы жеңишке жетишти. Бөлүнүп-жарылган демократиялык блок толугу менен жеңилүүгө учураган. Прогрессивдүү партия парламенттеги 250 орундун 157 ээлеп, жарымдан көп добушка ээ болду. Экинчи орунда Сербия социалисттик партиясы. Анда 50 депутаттык мандаты болот. Демократиялык партия жана андан шайлоо алдында бөлүнүп чыккан Сербия президенти Борис Тадичтин Жаңы демократиялык партиясы 5%дык тосмодон кыйынчылык менен өткөнү кабарланууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG