Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Жээнбеков: Мелис Мырзакматовго каршы кысым күчөдү


Бириккен Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбековдун жекшембидеги билдирүүсүнө караганда, кыймылдын мүчөсү, “Улуттар биримдиги” партиясынын лидери Мелис Мырзакматовдун жакындарына тиешелүү Оштогу “Таатан”, Кара-Суудагы “Оомат” базарларын жана ОшТВ телекомпаниясын рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жасалып жатат. Бул ишке криминалдык күчтөрдүн кийлигишкени бизди өзгөчө тынчсыздандырууда дейт Жээнбеков. Мелис Мырзакматов өзү Москвада жүргөндүгүнө байланыштуу анын өзү менен кабарлашууга мүмкүн болбоду. Равшан Жээнбековдун айтымында, Москва буга чейин “Ата Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди, андан кийин Мелис Мырзакматовду кеңешүүгө чакырды. (AiT)

XS
SM
MD
LG