Күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу 19-мартка чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ойдуң жерлерде сел жүрүшү ыктымал. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктын алдын алуу жана ашыкча чыгымдарды болтурбоо максатында даярдык чараларын күчөттү. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да бул жаатта түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүсү тийиш. (SE)