Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

18-мартка карата аба ырайы


18-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан көп жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6, айрым учурларда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3...+2, күндүз 8...13,
Таласта түнкүсүн -4...+1, күндүз 8...13,
Баткенде түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,
Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...+1, күндүз 3...8,
Нарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6,
Бийик тоолордо түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5.

Бишкекте түнкүсүн жаан жаап, туман түшүшү мүмкүн. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…+1, күндүз 9...11.

XS
SM
MD
LG