Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Кыргыз-тажик чек арасы качан ачылары белгисиз


Кыргыз жана тажик расмийлери Баткенде чек ара маселесин талкуулады. Бирок жабык турган чек ара качан ачылары белгисиз бойдон калды.

16-мартта Баткенде вице-премьер-министр Токон Мамытов жана Тажикстандын президентинин коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Шерали Хайруллаевдин жабык сүйлөшүүсү учурунда аймактагы жаңжалдарды азайтуу жаатында сөз болду.

Мамытов “Азаттыкка” билдиргендей, жол тосууларды жана чатактарды болтурбоо максатында эки өлкөнүн күч кызматкерлери биргеликте иш жүргүзүүнү улантат.

Өткөн жума соңунда аймактагы Таш-Тумшук жергесинде чек ара аныктала элек жолго байланыштуу кыргыз жана тажик тургундарынын ортосунда келишпестик чыгып, ал тартип коргоо органдарынын кийлигишүүсү менен жөнгөрүлгөн. (SE\JsA)

XS
SM
MD
LG