Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:59

Жалал-Абадда "атажуртчу" депутаттар шаардык коалициядан чыкты


Жалал-Абад шаардык кеңешинин башкаруучу коалициясынан "Ата-Журт" фракциясы толугу менен чыкты. Аймактагы кабарчыбыздын айтымында, бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында шаардык кеңештин төрагасы, "атажуртчу" Мураталы Тагаев билдирип, ал өзү да төрагалык кызматтан кетип жатканын жарыялады. Мындай чечим "Ата-Журт" фракциясынын жыйынында кабыл алынганы айтылды. Ага жаңы бекитилген шаардык бюджет жана мэрдин иши боюнча нааразылык себеп болду.

Жалал-Абад шаардык кеңешинде 2012-жылдын 26-декабрында "Ак ниет" деп аталган башкаруучу коалиция түзүлүп, ага КСДП жана "Ата-Журт" партияларынан шайланып келген депутаттар кирген. Баары болуп шаардык парламенттин курамында 31 депутат бар. Социал-демократтардан жана "атажуртчулардан" ар биринен сегизден жана "Өнүгүү" партиясынан 15 депутат. (RK/YA)

XS
SM
MD
LG